Москвада 12-кабаттан кулап кеткен 3 жашар бала аман калды

Москвада 2021-жылы туулган бала 12-кабатта жайгашкан батирдин терезесинен кулап кетип, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Москва шаардык прокуратурасы Телеграм каналына жазды.

Маалым болгондой, окуя шаардын Түштүк-Чыгыш административдик районундагы Новочеркасский бульварында болгон. Окуя болгон учурда баланын апасы башка бөлмөдө болгон. Окуя болгон жерге дарыгерлер жана полиция кызматкерлери келишкен. Бала өтө оор абалда "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген.

"Бардык жагдайларды аныктоо, ошондой эле бул факты боюнча жүргүзүлгөн процесстик текшерүүнүн жүрүшү жана жыйынтыгы Люблин райондор аралык прокуратурасы тарабынан көзөмөлгө алынды", - деп жазылат андагы билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан