Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатындагы билим берүү чөйрөсүн реконструкциялоо жана жакшыртуу долбоору менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Ага-хан өнүктүрүү тармагы менен кызматташуунун алкагында мектеп-интернаттын билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу боюнча демилгелер иштелип чыгууда.
Ага ылайык, мектеп-интернаттагы окуучулардын жашоо шартын жакшыртууну эске алуу менен мектепти реконструкциялоо жана кеңейтүү, ар кандай маданий шаардык иш-чараларды өткөрүү үчүн чоң концерттик залды куруу пландалууда.
"Мындан тышкары мектеп-интернаттын окуучулары үчүн спорт аянтчасы курулуп, үн өткөрбөөчү класстарды, репетиция жана окуу кабинеттерин, китепкананы түзүү менен окуу базасы кеңейтилет", - деп айтылат маалыматта.