Үстүбүздөгү жылы облус аймагында 4 ымыркайга жугуунун вертикалдуу жолу (төрөт) аркылуу өз энелеринен ВИЧ илдети жугузулган. ВИЧ илдетин жуктурган энелер Орусиянын аймагында төрөп, кийин балдары менен Кыргызстанга келишкен. Ошондой эле 12 балада ВИЧ илдети бар экендиги аныкталган. Бирок жуктуруу этимологиясы белгисиз. Бул балдардын энелери текшерүүдөн өткөн эмес жана кайсы жол аркылуу жукканын азыр аныктоо эрте. Алгач энелерин текшерүүдөн өткөрүү керек, бирок алар Казакстанда жана Орусияда жүрүшкөндүктөн, учурда чакыруулар жөнөтүлгөн. Бул тууралуу кечээ, 20-декабрда болуп өткөн Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясында Ош облусунун СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун башкы дарыгери Элмира Нарматова билдирди.