Кытайдагы трассанын кулашынан каза болгондордун саны 24кө жетти

Синьхуа агенттиги Кытайда жогорку ылдамдыктагы автожолдун бир бөлүгүнүн урашынан каза болгондордун саны 24кө жеткенин билдирди. 30га жакын адам жабыркап, ооруканаларга жеткирилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, кыйраган көпүрөнүн урандыларынын астында кеминде 20 унаа калган. Жергиликтүү бийлик урап түшкөн учурда көпүрөдө коркунучтуу химиялык заттарды ташыган унаа болбогонун белгилешүүдө.

"1-майга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:10 чамасында Мейчжоу-Дабу унаа жолунун тилкесиндеги унаа жолу урап түшкөн. Натыйжада көпүрөдөгү унаалар пайда болгон чуңкурга түшүп, айрым унаалар күйүп кеткен. Жолдун кулаган бөлүгүнүн узундугу болжол менен 18 метр, аянты 184 чарчы метрди түзөт. Алдын ала маалыматтар боюнча, өзгөчө кырдаалга өткөн аптадагы нөшөр себеп болушу мүмкүн",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан