Каракол шаарында Валиханов 2/1 дарегинде жайгашкан мал базар жабылат. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалымдагандай, мындай чечим облустун борбору болгон Каракол шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында кабыл алынган.
Ага ылайык, аталган мал базар 18-майдан баштап жабылат.
Ошондой эле облус өкүчүлүгү мал базар Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн аймагына көчүрүлөрүн кошумчалады.