Бангладеште күндүн ысыгынан 10 адам каза болду

Бангладеште ысыктан 10 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалымдалгандай, өлүм Бангладештин бир нече райондорунда катталган.

Метеорологиялык кызмат 31 күн катары менен болуп жаткан ысыктын толкуну дагы бир нече күнгө созулушу мүмкүн экенин билдирди.

Шейшембиде Чуадандагы температура цельсий боюнча 43,7 градуска чейин көтөрүлдү. Бул өлкөдө буга чейин катталган экинчи эң жогорку температура.

Ошол эле учурда Даккада температура цельсий боюнча 38,6 градуска чейин көтөрүлдү. Мурда күнү Чуадандагы эң жогорку температура 43 градус цельсий болсо, Даккада 40,5 градус болду.

Бангладештин бир нече аймактарынан күн сайын ысыктан каза болгондор катталып, дарыгерлер бул өлүмдөр ысыктан улам келип чыкканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан