Бишкекте дайынсыз жоголгон 87 жаштагы карыя адашып жүргөн жеринен табылды

Бишкекте дайынсыз жоголгогон 1937-жылы туулган Рахматулин Малик Ассадуллавич табылды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 1-майда милицияга Р.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү жолдошу Бишкек шаарынын Манас проспектисинде жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан.
"Малик Рахматулин жоголгон күнү түнкү саат 23:00 чамасында Дэн Сяопин көчөсүнөн бир жаранга адашып кеткенин айтып, андан жардам сураган. Ал жаран дароо 102 кызматына чалып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берди", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан