Бүгүн, 2-майда кыргыз-казак чек арасындагы Каркыра өткөрмө бекети убактылуу жабылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык саат 13:50дөн тарта аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунда адамдардын жана унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулду.
Мындай чечим электр жарыгынын жана интернет байланышынын жоктугуна байланыштуу кабыл алынган.