Кытайдагы автомагистралдын кулашынан каза болгондордун саны 36га жетти

Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында автомагистраль ураган кырсыктан учурда каза болгондордун саны 36га жетти. Маалыматтарга караганда, жалпысынан 54 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Кытайдын борбордук телеканалы окуя 1-майга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 2:10 чамасында Гуандун жана Фуцзянь провинцияларын байланыштырган трассада болгонун кабарлады.

Ураган аянттын узундугу 17,9 метр, ал эми урандылар жаткан жердин аянты 184,3 чарчы метрди түзөт. Урандылардын астынан 23 унаа табылган. Кырсык болгон жерде куткаруучулар жана өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат, трассада унаа кыймылы жабылды. Ага 500дөн ашык адам тартылды.

Жергиликтүү бийликтин айтымында, трассанын кулашына өткөн аптада Гуандун провинциясында жааган жамгыр себеп болушу мүмкүн.

Буга чейин Гуандун провинциясынын бийлиги рекорддук жааган жаандан улам суу ташкынына каршы чара көрүү режимин узарткан. Кырсык 127 миллиондон ашык адамга коркунуч туудурат. Нөшөрлөгөн жамгыр кыйроого алып келип, 1,16 миллион үй-бүлө электр жарыгысыз калды.

Нөшөрлөгөн жаан провинциянын борбордук жана түндүк аймактарында, анын ичинде Чжаокин, Шаогуан, Цинюань жана Цзянмэн шаарларында болду. Буга чейин Цинюандагы 45 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан