Украина Орусиянын аймактарына учкучсуз учактар менен сокку урду

Орусиянын Коргоо министрлиги 2-майга караган түнү Орусиянын беш аймагында 12 украиналык учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, Брянск облусунун үстүнөн беш, Краснодар чөлкөмүнөн үчөө, Ростов облусунан эки, Курск жана Белгород облустарында бирден учкучсуз учак жок кылынды.

Жергиликтүү бийлик каза болгондор жана жабыркагандар жок экенин тастыктады. Курск облусунун губернатору Роман Старовойттун айтымында, Поныри айылында электр зымдары бузулуп, анын кесепетинен электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.

Орел жана Смоленск облустарынын жетекчилери да пилотсуз учактар ​​менен чабуулдар болгонун кабарлашты. Орел облусунун губернатору Андрей Клычков дрондорду зыянсыздандыруу учурунда энергетикалык объектилер жабыркап, анын кесепетинен айрым үйлөрдө электр жарыгы үзүлгөнүн билдирди. Смоленск облусунун губернатору Василий Анохин энергетикалык объектке зыян келтирүү аракетин белгиледи. Анын айтымында, учурда тез жардам кызматы жеринде иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан