Бишкек шаарынын мэри борбор калааны текшерүүгө алды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борборду кыдырып, текшерүүгө алды. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.

Текшерүү маалында жолдогу чуңкурларды оңдоо, борборду көрктөндүрүү, Бишкектин жашыл фондун жакшыртуу, жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуздукту күчөтүү маселелери көтөрүлүп, жашыл аймакка курулган жана архитектуралык талаптарга жооп бербеген бир нече объект аныкталган.

Калаа башчысы көп кабаттуу үйлөргө жанаша салынган дүкөн-күркөлөр аймакта тазалыкты жана тартипти сактабай жатканын белгилеп, борбордогу төрт райондун акимине жана муниципалдык инспекцияга чара көрүүнү тапшырган.

Ошондой эле Айбек Жунушалиев жөө жүргүнчүлөр өтүүчү диагональ өтмөктү дагы текшерүүгө алып, тиешелүү кызматтарга бул жол белгисинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүнү тапшырды.

"Пилоттук долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруунун алкагында өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жолдогу коопсуздукту камсыз кылуу үчүн борбор калаанын көпчүлүк бөлүгүндө ушундай белгилерди коюуну улантуу иштери каралды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Бишкекте биринчи жолу жөө адамдар өтө турчу диагоналдуу чийиндер Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишине (ЦУМ менен ГУМдун ортосу) түшүрүлгөнү маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан