Орусиянын Ленинград облусунда коопсуздук күчтөрү "Crocus City Hall" имаратына кол салган террорчулардын шериги делген адамды жок кылышты. Бул тууралуу Mash Телеграм каналы жазды.
Андагы маалыматка ылайык, 47 жаштагы киши 10-апрелде унаасын таштай коюп, токойго качып кирген. Ошондон бери ал Москванын жанындагы токойлордо жашынып жүргөн.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы ал Литвадан Орусияга келгенин, аны кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүктөн жок кылынгандыгын билдирди.