Кечээ, 20-декабрда Ош технологиялык университетинде 22-декабрь - Энергетика кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Аталган иш-чара окуу жайдын энергетика факультетинин жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, буга “Ошэлектро” ачык акционердик коомунун, электр энергиясын сатуу тармагынын, аталган факультеттин бүтүрүүчүлөрү, окуу жайдын студенттери жана окутуучулары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө энергетика факультетинин алдынкы окутуучулары менен студенттери Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланып, куттуктоо сөздөр айтылды. Андан кийин факультеттин таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа тартууланды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.