"Өзгөртүп коюу беш секундда". Президент "Рух Ордо" комплексинин долбоору боюнча сурамжылоо жүргүзүүдө

Бүгүн, 5-майда президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” туристтик комплексинин долбоору боюнча элден сурамжылоо жүргүзүп жатат. Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу "Рух Ордодо" эң чоң пирс салынып жатканын, анын формасы комуздун түспөлүн көрсөтүп турганын билдирди.

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Бир маселе боюнча сурамжылоо кылып коёюн деп чечтим.

Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” туристтик комплекси былтыр мамлекеттин карамагына өткөн.

Албетте, мурда жакшы каралбай калгандыктан кунары кача түшкөн. Быйыл оңдоо-түздөө иштерин жүргүзө баштадык.

Кудай буюрса, жакын арада туристтерди кабыл алып баштайт", - деп жазды президент.

Жапаровдун айтымында, комплекстин ортосунда боз үй форамасында айнек ресторан болот. Ресторанда улуттук тамактар гана берилет. Тейлөө кызматындагылар улуттук кийим кийишет.

"Кыскасы, улуттук колоритибизди көрсөткөн туристтик комплекс кылалы деп иш баштаганбыз.

Кечээ эле өзүм барып иштин жүрүшү менен таанышып келгем. “Быйылкы жайкы туристтик сезонго даяр кылабыз” деп куруучулар сөз беришти.

Анан мага бүгүн пресс-катчым телефон чалып, "социалдык түйүндөрдө комуздун түспөлү түшүрүлгөн пирске катуу сын айткандар көп болуп жатат” деп билдирди.

Мына ошондуктан жалпы коомчулуктан сурамжылоо кылам.

Ким колдосо “Ооба” деп добуш бергиле, ким колдобосо “Жок” деп добуш бериңиздер.

Сөзсүз көпчүлүктүн каалоосун эске алабыз.

“Жок” дегендер көптүк кылып кетсе анда долбоорду өзгөртүп коюу беш секундда", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан