Ахматбек Келдибековдун тарапташтары саясий ачкачылыгын токтотушту. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Ахматбек Келдибековдун эжеси Сайра Белекбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын ачкачылыгын токтотуусуна Ахматбек Келдибековдун жазган кайрылуусу себеп болгон. Анда депутат тарапташтарына "Мени колдогонуңуздар үчүн рахмат! Ден соолугуңуздарга кедергиси тийбесин, ачкачылыгыңыздарды токтотуңуздар" деп өтүнгөн эле. Ошондой эле алардын Оштун борбордук аянтына тигилген боз үйлөрдү жыйнап кетери да айтылды. Эске салсак, Ахматбек Келдибековдун тарапташтары 12-декабрда саясий ачкачылык жарыялашкан болчу.