Кыргызстанда 4 ай ичинде (январь-апрель) 42 232 баш модо мал экспорттолду. Мындай маалыматты бүгүн, 6-майда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги таратты.
Белгилүү болгондой, экспортко чыккан малдын ичинен 35 225и кой-эчки болсо, 3 533ү жылкы болгон.
Ошондой эле бул аралыкта республикага 45 75 бодо мал импорт болгон. Анын ичинен 70и кой-эчки болсо, 1484ү жылкы.