Эртең, 7-майда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28,
Талас жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26,
Баткен облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +25...+30,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5...+10, күндүз +17...+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +17...+22,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз +3...+8.
Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +12…+14, күндүз +26…+28 градус жылуу болот.