Президент өзгөчөлөнгөн УКМК кызматкерлерине кол саат белек кылды

Кечээ, 20-декабрда, КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн улуттук коопсуздук органдарынын 95 жылдыгына арналган салтанаттуу аземге катышты. Иш-чара Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратында өткөрүлдү. Бул тууралуу КРнын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Өз сөзүндө мамлекет башчысы улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин иши мамлекеттин турмушунда зор мааниге ээ экендигин белгиледи.

"1918-жылдын 20-декабрында Пишпек эл депутаттарынын кеңешинин токтому менен Өзгөчө тергөө комиссиясы түзүлгөн. Ал жылдары улуттук коопсуздук органдары, бүткүл өлкө сыяктуу, өнүгүүнүн татаал жолун басып өттү. Эрдиктер да, каармандыктыр да, аны менен бирге кайгылуу жана кейиштүү учурлар да болду",- деди Алмазбек Атамбаев.

 Мамлекет башчысы мамлекет тарабынан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине көрсөтүлгөн колдоону күчөтүп, аларды социалдык кепилдикке алуунун деңгээлин жогорулатуунун зарылчылыгын баса белгиледи. Алмазбек Атамбаевдин сөзү боюнча, мамлекет өлкөдө тартиптин жана мыйзамдуулуктун сакчылыгында турган күч блогуна карата мамилесин түп тамырынан бери өзгөртүп жатат. Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын артыкчылыкка жетишкен кызматкерлерине белек катары президенттик сааттарды тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан