Садыр Жапаров Ошто Исхак Раззаков атындагы мектептин жаңы имаратын ачты

Бүгүн, 6-майда мамлекет башчы Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Исхак Раззаков атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мектептин жаңы имараты 720 окуучуга ылайыкташкан. Анын эски имараты 2015-жылдагы жер титирөөдө катуу жабыркап, жараксыз деп табылган. Муну менен катар эле президент өлкө боюнча салынып бүткөн 9 мектептин, 2 бала бакчанын ачылышына онлайн катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө жаш муундардын татыктуу билим алуусуна салым кошо турган жагдайлар сүйүнтөрүн айтып, акыркы жылдары балдардын окуу сапатын жакшыртуу үчүн билим уяларынын көйгөйүн чечүүгө батыл киришкенин билдирди.

Ошондой эле акыркы 3 жылдын ичинде өлкөдө 315 мектеп, 69 бакча салынганын кошумчалады.

Президент Билим берүү министрлигине окутуу программаларында маалыматтык-коммуникациялык технологияга басым жасоону тапшырды.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы өткөн жылы “Акылман” президенттик лицейи түзүлгөнүн айтып, анын башкы максаты - жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо экенин жана лицейдин бүтүрүүчүлөрү келечекте республикада жооптуу кызматтарды ээлеши керектигине токтолду. Лицейге академиялык жетишкендиктери жогору болгон таланттуу окуучулар гана тандалып алынат.

Садыр Жапаров сөзүнүн соңунда заманбап билимге жана жөндөмгө ээ билимдүү адистерди даярдамайынча күчтүү мамлекетти куруу мүмкүн эместигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан