Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү мектеп директорлорунун бош кызмат орундарынын тизмесин жарыя кылды. Бул боюнча маалымат кечээ, 6-майда министрликтин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, тизме ушул жылдын 23-апрелине карата түзүлгөн.
Тизмени шилтеме аркылуу көрө аласыз.
Белгилей кетсек, 2022-жылдан бери мектеп директорлору сынактын негизинде тандалып келет. Сынак эки этап менен өтөт.