Баткендеги Ак-Сай айылынын тургундарын облус борбору менен туташтыруучу Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушу башталууда. Бул тууралуу Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков билдирди. Анын айтымында, учурда жолду салууга керектүү техникалар жеткирилүүдө. Бул жол салынып бүтсө, ак-сайлыктар Тажикстандын Ворух анклавын аралабай, айланып облус борборуна барууга мүмкүнчүлүк алат.
Эске салсак, 17-декабрда Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда тиреш орун алып, ак-сайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп салышкан. Алар бийликтегилерден дал ушул айланма жолдун курулушун баштоону талап кылышкан. Кечээ, 20-декабрда ак-сайлыктар менен КРнын Вице-премьер-министр Токон Мамытов жолугуп, ал бул талап аткарыларын айткан соң гана эл жолду ачкан эле.