“Ата Журт” фракциясынын депутаттары камакка алынган К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Маматовтордун ден-соолугу начарлап бараткандыгына байланыштуу УКМКга аталган депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу кат жөнөтүштү. Мындай маалыматты төрага Асылбек Жээнбеков ЖКнын кезектеги пленардык жыйынында билдирди. “Мен камакка алынган депутаттарды көрүп келдим. Биз алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү, анын ичинен К.Ташиевди үй камагына чыгаруу тууралуу УКМКга кат жөнөттүк. Чынында, К.Ташиевдин ден-соолугу коркунуч жаратууда. Өзүн начар сезип жаткандыктан, ал жактоочусу менен дагы жолуга албай жатат”,- деди Асылбек Жээнбеков.