2014-жылдын 1-январынан тарта Орусияга келген мигранттар милдеттүү түрдө орус тилинен, Орусиянын тарыхынан жана Орусия Федерациясынын мыйзамдары боюнча аттестация тапшырышат

2014-жылдын 1-январынан тарта Орусияга келген мигранттар милдеттүү түрдө орус тилинен, Орусиянын тарыхынан жана Орусия Федерациясынын мыйзамдары боюнча аттестация тапшырышат. Бул мыйзамды 20-декабрда Мамлекеттик Дума 2 жана 3-окууда  кабыл алды. Бул тууралуу орусиялык басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аттестациядан Орусияда убактылуу жашоого, жумушка орношууга жана патентке уруксат сураган мигранттар өтүшөт. Эгер мигранттын керектүү экзамендерди тапшыргандыгын билдирген  сертификаты же 1991-жылынын 1-сентябрга чейин билим алгандыгы тууралуу документи (диплом же аттестат) колунда болсо, анда ал аттестациядан бошотулат. 

Ошондой эле жогорку квалификациялуу адистер, кылган ишине юридикалык жактан жооп берүүгө жөндөмсүз, 18 жашка чыга элек жана 60 жаштан улуу жарандар аттестация тапшыруудан бошотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан