Жалал-Абад. Заманбап спортзал курулуп бүтүп, ишке берилди

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи шаарчасында курулган заманбап спортзалдын ачылыш аземи болуп өттү. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү программасынын алкагында курулган спортзалдын ачылыш аземине Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын директору Жусупжан Жээнбеков, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубали Төрөмаматов, анын 1-орун басары Жумагүл Эгембердиева, шаар мэри Бакыт Адылов катышты. КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубали Төрөмаматов: “Спорт жаатында Жалал-Абад облусу алдынкы орундарда келе жатат, жада калса дүйнөлүк аренага чыгып, байгелүү орундарды багындырып жүргөн спортчуларыбыз менен сыймыктана алабыз. Мындан ары дагы ушул спорт залдан дүйнөлүк олимпиаданын чемпиондору чыксын!” деп каалоо-тилек айтты. Белгилей кетсек, спорт зал заманбап стилде, бардык жагынан стандартка жооп берет жана толук шарты менен курулду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан