Көп улуттар жашаган Баткендин Кадамжай районунун Айдаркен шаарында мектеп рэкетчилигине жана суицидге каршы ачык эшик болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Кадамжай РИИБинен кабарлашты.
Аталган иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мечит имамдары жана милиция кызматкерлери катышышты. Кадамжай РИИБинин башчысынын орун басары Кадыров Эмил окуучулар арасында кылмыштуулук өсүп жатканын, 11 ай аралыгында 24 өспүрүм өз өмүрүнө кол салууга аракет кылганын айтып өттү.
Иш-чаранын соңунда милициянын жаш жардамчыларына күбөлүктөр берилип, алдынкы окуучуларга сыйлыктар тапшырылды.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 11 ай ичинде өспүрүмдөр тарабынан 11 кылмыш иши катталып, баарынын бети ачылган. Мектеп курагындагы 3 өспүрүм өз жанын кыйган.