Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети 2013-жылы 45 мыйзам долбоорун караган. Бул туурасында бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган комитет тарабынан жыл башынан бери 38 жыйын өткөрүлүп, 161 маселе каралган. Анын 45и мыйзам долбоору. Каралган мыйзам долбоорлорунун 42си Жогорку Кеңеш жыйынынын кароосуна коюлуп, 29у кабыл алынган. Мындан сырткары, комитет тарабынан 3 көчмө жыйын, 2 парламенттик угуу, төрт тегерек стол, бир өкмөттүк күн өткөрүлгөн.