Караколдогу балдар үйдүн тарбиялануучулары жана орто мектептердин окуучулары пикир алышууну үйрөнүп жатышат

2013-жылдын 15-декабрынан 2014-жылдын 15-февралына чейин Караколдогу балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жана орто мектептердин окуучуларына пикир алышууну үйрөтүү максатында долбоор ишке ашырылганы турат.  Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда “Сорос-Кыргызстан” фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун аталышы “Карл Поппердин жолун жолдоо”деп аталат. Аталган долбоорду ишке ашырууга 1235 АКШ доллар даярдалган. 

“Долбоор жаштарга сөз чеберчилигин, сын көз караш менен ой жүргүртүүнү үйрөтүү жана коомдук жашоого кызыктыруу максаттарын көздөйт. Долбоорго катышуучулардын жалпы саны 40. Анда Каракол шаарындагы орто мектептердин окуучулары жана “Каракол” балдар үйүнүн тарбиялануучулары катышат”,- деп фондунун басма сөз кызматы маалымат берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан