Түркиянын TRT Avaz телеканалынын координатору Аднан Сүер “Супер-Инфонун” редакциясына конок болуп кетти

Түркия мамлекеттик телерадио корумунун алдындагы TRT Avaz телеканалынын координатору Аднан Сүер бүгүн “Супер-Инфонун” редакциясына конок болуп кетти. Түркиядан келген конокту гезиттин президенти Шаиста Шатманова, вице-президенти Айсулуу Алимбекова жана башкы редактору Бурул Исмаилова тосуп алышты. Миңдеген чакырым жол басып келген Аднан мырза “Супер-Инфо” гезити менен кызматташуу боюнча мамилелерди чыңдоо тууралуу сүйлөшүп, гезиттин иш процесси, жамааты менен таанышты. Кыскача сүйлөшүүдө аталган телеканал менен гезиттин кызматташуусу талкууланды. Алыстан келген коноктор жылуу маанайда узап кетишти. Кошумчалай кетсек, ушул жылдын жай айында гезиттин башкы редактору Бурул Исмаилова менен  WWW.SUPER.KG порталынын оператору Сергек Шатманов аталган каналдын колдоосу менен Түркияда TRT Avaz телеканалында тажрыйба алмашып кайтышкан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан