Кыргызстандагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн Германия 5 миллион евро бөлүп берет

Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда ЖКнын Агрардык саясат,  суу ресурстары, экология  жана региондук өнүгүү  боюнча комитетинин жыйынында маалым болду. 

Депутат Сайдулла Нышановдун айтымында, токойлорду сактоо үчүн биринчи кезекте калкты отун менен камсыз кылуу керек. 

Ал эми Эркингүл Иманкожоева өкмөттүн өкүлдөрүнүн бул багыттагы жумушун сынга алды. “Тармакка миллиондон ашуун каражат бөлүнөт. Ысык-Көлдөгү балыктардын түрдүүлүгү өзгөрүүсүз бойдон калууда” деп кошумчалады. 

Комитеттин мүчөлөрү токой чарбаны сактоо жана өнүктүрүү боюнча долбоорду каржылоо үчүн Кыргызстан менен Германиянын өкмөттөр аралык макулдашуусун жактырды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан