Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 28-июнда өтөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазууда.
Белгилүү болгондой, 14-президенттик шайлоонун датасы биринчи вице-президент Мохаммад Мохбер, сот бийлигинин башчысы Мохаммад Багер Калибаф жана башкалар катышкан жыйында аныкталды.
Президенттикке талапкерлерди каттоо 28-майдан баштап, шайлоо өнөктүгү 12-июндан 27-июнга чейин уланат.
Иран Конституциясынын 131-беренесине ылайык, өлкө 50 күндүк мөөнөткө аткаруу иштерин башкаруучу кеңеш түзүп, президенттик шайлоого даярдануусу керек.
Шайлоого чейин Ирандын вице-президенти Мохаммад Мохбер мамлекетти башкарат.
Эскерте кетсек, 19-майда түштөн кийин Иран президенти Ибрахим Раисинин тик учагы кулап түшкөнү кабарланган. Аны издөөгө Түркиядан 70тен ашык куткаруучу топ жана техникалар жөнөтүлгөн. 20-май күнү эртең менен түркиялык пилотсуз учак Bayraktar Akinci Азербайжан менен чек арадан 30 чакырым алыстыкта Ирандын Тавил айылына жакын жерде жылуулук булагын тапкан. Ошол жерден президенттик тик учактын күйгөн сыныктары табылган.
Раиси менен бирге учакта Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиан, Тебриз жума намазынын имамы Мохаммад Али Аль-э-Хашем, Чыгыш Азербайжан провинциясынын башчысы Малек Рахмати, тик учактын экипажы жана бир коопсуздук кызматкери болгон. Делегация Азербайжандан кайтып келе жаткан. Бардык жүргүнчүлөр каза болгон.
Раисинин жаназасы бейшемби күнү, 23-майда Мешхедде болот. Анын сөөгү Имам Реза мавзолейине коюлат. Президенттин өлүмүнө байланыштуу өлкөдө беш күндүк аза күтүү жарыяланды.