Бишкекте 28-29-декабрда Жаңы жылга карата Жумабек-Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жарманкеде эт азыктары, кондитер азыктары жана балаты жасалгалары коюлат. Иш- чарага Чүй облусундагы жеке ишкерлер жана дыйкандар катышышат.
“Лицензияга жана сертификатка ээ болгон сатуучуларга пиротехникалык буюмдарды сатууга уруксат берилет. Жарманкеде атайын текшерүүчү тараза коюлат жана алып сатарлар, бааларды ашыра көтөргөндөр көзөмөлдөнөт” деп кабарлады мэриянын басма сөз кызматы.