2013-жылы 11 ай ичинде коммуналдык төлөмдөр үчүн бюджеттик уюмдарга 1,448
миллиард сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы
билдирди.
Республикалык бюджеттен каржылана турган уюмдар үчүн 1,576 миллиард
сом каралган. Электр энергия үчүн 514,9 миллион сом, жылуулук энергиясына 209,6
миллион сом жана жаратылыш газына 34,7 миллион сом которулган.
Мындан сырткары
көмүр сатып алууга бюджеттен 143,98 миллион сом бөлүнгөн.