Кыргыз-тажик чек ара аймагында 2013-жылы 14 үй мыйзамсыз тургузулган. Бул тууралуу 23-декабрдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча маселелердин коллегиялык жыйынында Жалал-Абад облусунун губернатору Жумагул Эгембердиев билдирди.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Накен Касенов үйлөрдү куруудагы мыйзамдуулукту текшерүү менен бирге мындан ары ушул сыяктуу көрүнүшкө жол бербөө керектигин баса белгиледи.