Султан Раевдин “Жанжаза” романы азербайжан тилинде жарык көрдү

23-майда Азербайжанда Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин “Жанжаза” романынын бет ачар аземи болуп өттү. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган роман Азербайжан адабият фонду менен “Hedef” компаниясынын биргелешкен долбоору болгон «Түрк элдеринин адабияты» сериясынын алгачкы китеби. Долбоордун лидерлери Азербайжан адабий фондунун жана Hadaf компаниялар тобунун башкы директорлору Варис Йолчиев жана Шамил Садык.

Маалым болгондой, иш-чарага Азербайжан жазуучулар союзунун жетекчилиги, белгилүү адабият жана искусство өкүлдөрү, журналисттер жана ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев өзү катышты.

Бет ачарды Азербайжан жазуучулар союзунун төрагасы, эл жазуучусу Анар Рзаев «Жанжаза» жазуучунун азербайжан тилинде жарык көргөн алгачкы чыгармасы экенин айтып, түрк дүйнөсүнүн мыкты жазуучусун азербайжан окурмандары жакшы кабыл аларына жана бул долбоордун туруктуу болоруна ишенерин билдирди.

Адабий фонддун башкы директору Варис Йолчиев роман магиялык-реализм жанрынын эң негизги үлгүлөрүнүн бири экенин, ал англис, орус, түрк, венгер тилдеринде жарык көрүп, кеңири окурмандарды чогултканын баса белгиледи. Ошондой эле ал романдын негизги өзөгүн эске салды: дүйнөдө эч нерсенин изи калбайт, бардык жамандык бумеранг сыяктуу кайтып келет.

“Hedef” компаниялар тобунун башкы директору Шамил Садык чыгарманын өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, китептин котормочусу Айсел Огуз, редакторлору Юнус Огуз жана Жавид Гадир экенин белгиледи.

“Романда мындан жүздөгөн жылдар мурун каза болгон тарыхый инсандардын арбагын алып жүргөн жети адамдын тагдыры сүрөттөлөт. Алар өздөрүнүн да, жанын көтөрүп жүргөндөрдүн да күнөөлөрү үчүн жазага тартылышат. Чыгарманын каармандары өздөрүнөн, жазасынан кутулуу үчүн чөлгө барып, ыйык жерди издеп, Муса пайгамбардын шакирттерине окшоп ээн талаада тентип калышат. Адам баласынын жаны да, азабы да түбөлүктүү. Дене дүйнөнү таштап кетсе да, рух башка денелерде өз жазасын тарта берет”, – деди Шамил Садык.

Улуттук Межлистин депутаты, академик Низами Жафаров мындай чыгармаларды которуунун жалпы түрк адабияты менен маданиятынын өнүгүшү үчүн маанисине токтолду. Бул долбоордун туруктуу болоруна ишенерин айткан академик Султан Раевдин башка чыгармаларын азербайжан тилине которуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Басылманын редактору болгон тарыхый романдардын автору Юнус Огуз котормо жана редакциялоо процессинин өзгөчөлүгүнө токтолуп, китеп окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынарына ишенимин билдирди.

Белгилүү кинорежиссёр, Азербайжандын Эл артисти Вагиф Мустафаев Султан Раевдин “Топон” романын окуганын айтып, аны акыркы жылдары окуган эң мыкты роман деп атады жана “Жанжаза” да бийик прозалык үлгү экенине ишенерин билдирди.

Филология илимдеринин доктору Шараф Жалилли түрк дүйнөсүнүн адабиятынын өзгөчөлүгүнө токтолуп, улуу жазуучуларды урматтоо менен баалап, Султан Раевди ушул көчтүн улантуучусу деп эсептерин айтты.

Иш-чаранын соңунда Султан Раев бардык катышуучуларга жана китептин жарык көрүшүнө салым кошкондорго ыраазычылыгын билдирди. Романдын Азербайжанда алгачкы ирет басылып чыкканына кубанган Султан Раев бардык катышуучулардын китебине кол тамгасын койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан