Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 25-майда нөөшөрлөп жааган жаандан улам сел каптаган Аксы районуна караштуу айрым айыл аймактардагы жагдай боюнча өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевден маалымат алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, ал Аксы районундагы жергиликтүү жетекчилер менен да сүйлөшүп, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу багытында жасалып жаткан иштерден кабар алды.
Ага ылайык, тиешелүү жетекчилерге селден жабыркаган бардык турак жайлар тез арада калыбына келтирилип, эвакуация болгон элге бардык шарттар түзүлүшү керектигин айтты. Төрага жакынкы аралыкта өзү да Аксы районуна барып, абал менен таанышып келерин билдирди.
"Жогорку Кеңеш да өз ыйгарым укуктарынын чегинде керектүү жардамдарды берүүгө даяр экендигин белгилеген төрага учурдагы аба ырайынын туруксуздугун эске алып, жалпы өлкө боюнча табигый кырсыктардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурулушу керектигин кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 25-майда нөөшөрлөп жааган жаандан улам Аксы районундагы Кара-Камыш, Сары-Челек жана Үч-Коргон айыл аймактарын сел каптап, турак жайлар жабыркаган. Натыйжада өзгөчө кырдаал режими киргизилип, 250дөй жаран эваукацияланган.