КРнын Аскер прокуратурасы фирмалык кийимдерди уурдоо фактысы боюнча Коргоо министрлигинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы мамлекеттик мүлктү уурдоо фактысы боюнча Коргоо министрлигинин №33665 аскер бөлүмүнүн кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, 2012-жылдын июнь айынан тарта 2013-жылдын ноябрь айына чейин жумушчулар тарабынан кызмат абалынан пайдаланып фирмалык кийимдерди уурдашкан. Жыйынтыгында мамлекетке 8 миллион 885 миң сомдук зыян келтирилген. 

Аталган мүлк 2010-жылы ноябрда Орусиядан берилген. Жогорудагы факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (ишеним көрсөтүлгөн мүлктү өзүнө жалгоо жана коротуу) жана 304-беренесине (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголгон. Азыркы тапта КРнын Аскер прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан