Биз социалдык тармакта

Күттүңүз беле? Бишкекте эртең ысык суу берилет

Бишкек шаарынын тургундарына эртең, 1-июнда ысык суу берилет. Жылуулук электр борбору тарабынан ысык суу берүү үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. Бул туурасында бүгүн, 31-майда Энергетика министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, ысык суу өчүрүлгөн учурдан тартып кыска мөөнөттүн ичинде жылытуучу жана сордуруучу жабдууларды калыбына келтирүү, түтүктөрдөгү мүчүлүштүктөрдү жоюу, тазалоо, оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Мындан тышкары айрым жабдыктар алмаштырылганы маалыматта белгиленген.

Айта кетсек, ысык суу 22-апрелде өчүрүлгөн. Тийиштүү адистер оңдоо иштери 40-45 күн болушу керек экендигин айтып, бирок бир ай ичинде аяктаганын билдирген.

Белгилей кетсек, 1-июндан тарта жылуулукка жана ысык сууга болгон баалар жогорулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан