Бишкекте ысык суу 1-июндан тарта бериле баштайт

Бишкекте ысык суу 1-июндан тарта берилет. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасынан тастыкташты.

Маалым болгондой, ысык суу 22-апрелде өчүрүлгөн.

Белгилей кетсек, кечээ, 27-майда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев жана катардагы жетекчилер менен биргеликте ЖМКларга пресс-тур уюштурулган.

Анын алкагында, "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасынын жетекчиси Уран Раимбеков оңдоо иштери 40-45 күн болушу керек экендигин айтып, бирок бир ай ичинде аяктаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан