Узун кезекке турушуп... Орусиялык актриса Анастасия Заворотнюк акыркы сапарга узатылды

Москва шаарында орусиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюк акыркы сапарга узатылды. Коштошуу зыйнаты Покровский монастырында өтүп, жүздөгөн адамдар келгенин аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.

1-июнда өткөн зыйнатка Заворотнюктун жолдошу Петр Чернышев, балдары Анна жана Майкл, президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, ошондой эле кесиптештери жана санаалаштары келген. Мындан тышкары актриса менен коштошууга жүздөгөн адамдар келип, узун кезекке турушкан.

Актрисанын сөөгү Троекуровский көрүстөнүнө коюлду.

30-майда орусиялык актриса Заворотнюктун каза болгону тууралуу маалымат кабарланган. Актриса 53 жашта болчу. Ал көптөн бери мээ рагы менен күрөшүп жаткан. 2019-жылдын августунан тарта театралдык спектаклдерге катышпай калган.

Белгилесек, Анастасия Заворотнюк “Моя прекрасная няня” (2004-2006) сериялынан кийин чоң популярдуулукка ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан