Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 2013-жыл ичинде 42 жыйын өткөрүп, 57 мыйзам долбоорун караган. Анын 54ү парламенттин кароосуна жолдонуп, 49у кабыл алынган. Бул тууралуу 23-декабрда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
2013-жыл ичинде Комитеттин карамагына берилген
маселелер боюнча жарандардан, эмгек жамааттарынан, коомдук бирикме жана мекемелерден 120дан ашык кайрылуу келип түшкөн. Алардын 109у боюнча
чаралар көрүлгөн.
Мындан сырткары куралдуу күчтөрдү материалдык-техникалык
толуктоолор, башкача айтканда, мамлекеттик мобилизациялык резервде материалдык
байлыктарды түзүү боюнча чаралар көрүлгөн. Ошондой эле жарандык
жана территориялык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруу, коргонууну камсыз кылуу үчүн аскердик илимий иштерди жана аны укуктук жактан жөнгө салуу боюнча жасалып жаткан иштер боюнча маалымат жоктугун белгилеген
талкуулар уюштурулган.