Кыргызстанда алгачкы жолу төрт бейтап боор алмаштырат. Акысыз операция 10-11-июнда болот. Бул туурасында бүгүн, 5-июнда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг учурунда маалымдады.
Анын айтымында, Кыргызстандык 75 адис Түркиянын Малатья шаарында атайын медициналык окуудан өткөн. Учурда боор алмаштыруу операциясына даярдык кызуу жүрүп жатат.
“Боор алмаштыруу операциясы Кыргыз-түрк "Достук" клиникасында болот. Учурда президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен төрт бейтапка акысыз операция жасоо боюнча тийиштүү анализдер алынып, даярдалып жатат. Бизде медициналык жабдыктар жана тийиштүү дары-дармектер жетиштүү. Түрк кесиптештер менен биргеликте бул операция ишке ашып жатат. Андыктан ал жактан келчү кесиптештерибиздин бир тобу бүгүн, калганын 9-июнда тосуп алабыз. 10-11-июнда бейтаптардын боорун алмаштыруу операциясы орун алат”, - деди министр.