Премьер-министр Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган окуу бөлмөсүнүн ачылышына катышты

Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Апас Жумагулов атындагы Көк-Жар орто мектебинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган окуу бөлмөсүнүн ачылышына катышты. Бул туурасында Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган. Ошондой эле бул мектепте Апас Жумагуловдун музейи да ачылды.

Белгилей кетсек, ачылышка Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, коомдук ишмер Апас Жумагулов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Чыңгыз Айтматовдун туугандары катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан