Биз социалдык тармакта

Эдуард Кубатов баш болгон альпинисттер өлкөгө кайтып келишти

Дүйнөнүн эң бийик чокуларын багынткан кыргызстандык альпинисттер мекенине кайтып келишти. Аларды бүгүн, 6-июнда «Манас» аэропортунда салтанаттуу тосуп алышты.
Делегацияны жетектеген Альпинизм жана альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Гималайдагы (Непал) Лхоце жана Макалу чокуларын кычкылтек колдонбостон багындырып, рекорд жаңыртты. Бул маанилүү окуя Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болду.
Буга чейин Эвересттин чокусун багындырган Кадыр Сайдилкан бул жолу деңиз деңгээлинен 8516 метр бийиктикте орун алган Лхоце чокусуна чыгып, ал жерге 4 килограммдык «Манас» эпосун көтөрүп чыккан.
Ушул эле тайпанын курамындагы Илим Карыпбеков Эвересттин чокусуна чыгып, бул бийиктикти багындырган төртүнчү кыргызстандык болду.
Эске салсак, ушул жылдын 11-апрелинде президент Садыр Жапаров альпинист Эдуард Кубатовду кабыл алып, Кыргызстандын желегин тапшырган. Ошондой эле спорттун бул түрү мамлекет тарабынан колдоого алынып жатканын баса белгилеп, альпинисттерге ийгилик каалап сапарга узаткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан