Жарандык активист, блогер Илим Карыпбеков Эверест чокусун ийгиликтүү багындырды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчалары аркылуу билдирди.
Белгилүү болгондой, Карыпбеков биринчи аракетинде чокуга жете албай калган. Бирок экинчи сапары 9 күндөн кийин аткарылып, Эверест чокусун багындырууга жетишти.
Белгилей кетсек, буга чейин Эдуард Кубатов эч кандай кычкылтексиз Гималай тоосунун 8 миң 516 метр бийиктикте жайгашкан Лхоцзе чокусуна ийгиликтүү чыккан.