Бүгүн, 23-декабрда 96 жаш курагында Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова дүйнө салды.
Ал 1917-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыздар мурда өстүрүп көрбөгөн кант кызылчасын өстүрүп, 1941-жылы өзүнчө колхоздук бригада түзгөн.
Шопокова башкарган бригада кант кызылчасынан жыл сайын жогорку түшүм жыйнап турган. Кандуу согуштун каардуу жылдарында зор эмгек өтөгөн.
1946-жылы "Ленин" ордени, көп өтпөй "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган. 1957-жылы Хрущев Кремлде Социалисттик Эмгектин Баатырына "Алтын Жылдыз" медалын тапшырган. 1997-жылы 2-даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.
Белгилей кетсек, Шопокова Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жубайы болгон.