2013-жылдын 11 айында кайра иштетүү өнөр жайы 114,9 миллиард сомго продукция өндүрдү. Бул туурасында Өкмөттүн басма сөз кызматы кечээ, 23-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, бул көрсөткүч 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 143,7 пайызды түзөт.
Негизинен кайра иштетүү өнөр жайынын салыштырмалуу салмагы бардык өнөр жайынын көлөмүнүн 82,2 пайызын түзөт.
Өндүрүш продукциясынын көлөмү беш тармак аркылуу ишке ашууда (90 пайызга чейин). Алар: металлургия жана металлдан жасалган буюмдар - 47,9 пайыз, тамак-аш азыктары - 12,7 пайыз, текстиль жана тигүү өндүрүшү - 5,1 пайыз, курулуш материалдары - 9,4 пайыз.