Бүгүн Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 24-декабрда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул туурасында “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жарыктын өчүрүлүшү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын жана трансформаторлорду оңдоо иштерине байланыштуу. 

Алсак, "Аламүдүн" базарынын жана Чыгыш автобекетинин аймагында электр жарыгы саат 11:00дөн 15:00гө чейин өчөт. Ошондой эле Сосновка, Будёновка айылдарында саат 09:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан