Жаӊы жыл – дүйнөнүн көптөгөн элдери белгилеген майрам. Жаӊы жылды майрамдоо Месопотамияда биздин заманга чейин 3 миң жылдыкта эле пайда болгон. Жылдын башы 1-январдан тарта башталат деп Рим башкаруучусу Юлий Цезарь тарабынан биздин заманга чейин 46-жылы киргизилген. Байыркы Римде бул айды Янус кудайынын атынан январь деп аташкан.
Дүйнөдөгү бардык шаарлар, айыл-кыштактар майрам алдында түркүн кооздукка бөлөнүп, декабрь айынан тартып январдын аягына чейин шаарда майрамдык маанай тартуулап турары белгилүү.
Майрам алдында дүйнө жүзүндөгү шаарлардын, аны менен катар Бишкек менен Оштун жаңы жылдык жасалгалоолору чагылдырылган сүрөттөр топтомун тартуулайбыз.