Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Москвага учуп кетти.
Жыйында Кыргызстандын Евразиялык интеграциялык түзүмдөргө кошулушу боюнча “жол картасын” даярдоо жана ишке ашыруу маселелери каралат.
Ошондой эле Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин башчылары жыйындын жүрүшүндө Бажы союзундагы жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин мүчө мамлекеттеринин интеграциялык кызматташтыгынын негизги багыттарын, Евразиялык экономикалык союзду түзүү боюнча иштердин жүрүшүн талкуулашат.