Бакыт Төрөбаев Австриянын Экономика жана эмгек федералдык министри менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев энергетикалык инвестициялык эл аралык форумун өткөрүү үчүн Вена шаарына барган Кыргызстандын делегациясынын жумуш визитинин алкагында Австриянын экономика жана эмгек федералдык министри Мартин Кохер менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча кеңири баарлашты. Алар экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-австриялык өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Төрөбаев энергетикалык инвестициялык эл аралык форумдун жыйынтыктарына токтолуп, форумду уюштурууга көрсөткөн жардамы үчүн австриялык тарапка ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле артыкчылыктуу багыттар боюнча потенциалды жогорулатуу зарылдыгын белгилеп, өзгөчө жашыл энергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана бизнес жаатындагы өз ара аракеттенүүнү белгиледи.

Жолугушууга Австриянын бизнес тармагынын өкүлдөрү да катышып, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түздөн түз байланыштарды түзүү маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан